Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Судан өкмөтү АКШнын мамлекеттик катчысы Дарфурдагы кризисти "геноцид" деп атаганына каршылык билдирди


Өлкөнүн парламентинин вице-спикери Анжело Беда – Колин Пауэллдин айткандарын Америкада ноябрда өтө турган президенттик шайлоо менен Судандын мунай запастарына байланыштырды. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ Сенаттагы угуу маалында Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү африкалыктарга каршы аракеттерди "геноцид" деп атаган. "Биздин, менин тыянагым боюнча, Дарфурда геноцид жүрүп жатат, ал үчүн Судан өкмөтү жана арап согушкерлеринин "Жанжавид" уюму жоопкер", - деди Пауэлл. Ал Бириккен улуттар уюмун Дарфурдагы кырдаалды иликтөөгө үндөдү. Вашингтон Судан өкмөтү ал жердеги кыргынды токтотпосо, ага каршы санкцияларды киргизүүнү сунуш кылган. Кытай, Пакистан жана Алжир ал демилгеге каршы чыкканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG