Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

Араптардын "Ал-Жазира" телеканалы Осама бин Ладендин башкы кеңешчисин көрсөттү

Ал АКШ Ирак менен Ооганстанда жеңилип кала жаздаганын айтып жатканда тартылган. Бин Ладендин орун басары аталып жүргөн Айман ал-Завахри азыр Иракта согушуп жаткан козголоңчулар АКШнын ал жердеги пландарын түп-тамырынан өзгөрттү деп белгиледи. Андан сырткары ал-Завахри мужахидиндер, же ыйык жоокерлер Ооганстандын көпчүлүк аймагын көзөмөлдөп жатканын белгиледи. Башына ак селде чалып, курал-жаракты астына коюп алып сүйлөгөн ал-Завахри тартылган тасманы телеканал кандай жолдор аркылуу алганын кабарлаган жок.
XS
SM
MD
LG