Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Таласта депутаттыкка талапкерлердин саны аз


ТАЛАС. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбековдун 10-сентябрь күнү "Азаттыкка" билдиргенине караганда 512 депутаттык орунга 352 гана талапкер катталды. Катталгандарын 317си айылдык, 5өө поселоктук жана 30у шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлер. Саясий партиялардын ичинен "Алга, Кыргызстандан" 102, "Адилеттен" 79, "Менин өлкөмдөн" 2 талапкер сунушталды. Каттоодон өткөндөрдүн 38и аялзатынын өкүлдөрү. Таласта 37 айылдык, 1 шаардык кеңеш бар. Эки айылдык кеңеште депутаттардын ыйгарым укуктары аяктай электигине байланыштуу шайлоо өткөрүлбөйт.

XS
SM
MD
LG