Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Чегарада кыргызстандык жаранды тажикстандыктар сабап кетишти


БАТКЕН. Баткен районундагы Аксы айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Ибраимовдун 10-сентябрда "Азаттыкка" билдиргенине караганда, КамАЗ автоунаасын айдап бараткан Аксы айылынын тургуну Абдырашит Ормоновду Тажикстандын Исфара районуна караштуу Кожалы айылында аталган айылдын беш тургуну жол тосуп токтотушкан. Алар айдоочуну опузалап коркутушуп, акча берүүсүн талап кылышкан. Айдоочу мындай талапка көнбөй койгон соң, аны токмоктоп, автоунаанын үч дөңгөлөгүн бычак менен тилип кетишкен. Окуя бейшембиден жумага оогон түнү саат 1.00 чамасында болгон. Тажик атуулдарынан запкы көргөн Абдурашит Ормонов Аксы айыл өкмөтүнүн башчысына жана Тажикстандын Чарку айылындагы ички иштер бөлүмүнө кайрылды.
Аксы айыл өкмөтү менен облус борборун байланыштырган жол Тажикстандын Кожалы, Чарку, Сурх айылдарын аралап өтөт. Аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында эки элдин ынтымагына доо кетирчү мындай окуялар акыркы убактарда көп кайталана баштады.

XS
SM
MD
LG