ЖАЛАЛАБАД. Облустагы шаар-айылдардан 70 мүчөсүн депутаттыкка сунуш кылган "Атамекен" партиясы 16-сентябрга чейин тоолуу жана четки аймактардан дагы өкүлдөрүн жылдыраарын билдирди. "Алга, Кыргызстан!" партиясы 24 мүчөсүн депутаттыкка көрсөттү. "Эркин Кыргызстан", "Менин өлкөм", "Адилет", "Эл мурас" партияларынын облустагы бөлүмдөрү бештен мүчөлөрүн 10-октябрдагы шайлоодо мөрөй талаштырганы турат. Облустук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 10-сентябрга чейин 140 талапкердин документтери шайлоо комиссияларына келип түштү. Жалалабад, Ташкөмүр, Тогузторо райондорунда талапкерлер арбын. Бул аймактардан 20дан 32ге чейин талапкер көрсөтүлгөн.