Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Дооронбек Садырбаев кылмыш ишин токтотууга макулдук берди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда 12-августта кабылган автокырсык боюнча козголгон кылмыш ишин токтотууга макулдук бергендигин жарыялады. Депутат Садырбаевдин кызматтык автоунаасы менен мамлекеттик В7515 I номерлүү автоунаа сүзүшүп, натыйжада депутат колунан жабыркаган. Маалымат жыйынында белгиленгенге караганда Садырбаев жол эрежесин бузган автоунааны айдоочу кыздын жаштыгын жана келечегин эске алып, кылмыш ишин токтотууну ылайыктуу деп эсептеди жана муну шайлоо алдындагы саясий упай топтоо максаты эмес деп белгиледи. Айыпкер тарап буга чейин Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязовдон шайлоочу катары жардам сураган. Бул тууралуу депутат Шерниязов ушул эле маалымат жыйынында билдирди.

XS
SM
MD
LG