Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Кыргызстанга Нидерландиядан аскерлер келишти


БИШКЕК. Бишкектеги «Ганси» эл аралык аба майданына жакынкы бир эки күн аралыгында Нидерландиядан «F-16» үлгүсүндөгү алты аскерий учак жана жүздөн ашуун аскер келет. Алар «Ганси» аба майданында сегиз апта болушуп, Ооганстандагы президенттик шайлоонун тынч өтүүсүнө көмөк көрсөтүшөт. Бул тууралуу айрым эл аралык маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Ал эми «Манас» аба майданындагы эл аралык күчтөрдүн басма сөз кызматы мындай маалыматты жума күнү тастыктап, соңку эки күн аралыгында Кыргызстанга Нидерландиядан бир нече аскерлер келгендигин маалымдашты.

XS
SM
MD
LG