Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

БШК спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынышына кызыкдар


БИШКЕК. 10-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү жана шайлоонун алдыңкы күнү жер-жерлерде алкоголь ичимдиктерин сатууга тыюу салуу зарыл. Мындай сунушун Борбордук шайлоо комиссиясы бейшемби күнү кыргыз өкмөтүнө жолдоду. БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин шайлоого байланыштуу өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирген пикирине караганда, мындай кадам шайлоочулардын топ-тобу менен мас болушуна жана мас жарандардын шайлоо участокторунда чатак чыгарышына жол бербөө максатында жасалышы керек. Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы тартип коргоо жана коопсуздук кызматтарынан коомдук тартипти жана шайлоочулардын коопсуздугун сактоого олуттуу көңүл бурууну суранды.

XS
SM
MD
LG