Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

«Алга, Кыргызстан» курултай өткөрөт


БИШКЕК. Эртең «Алга, Кыргызстан» саясий партиясы 2-курултайын өткөргөнү жатат. Партиянын кеңсеси тараткан маалыматка караганда, бул курултайда сегиз маселе каралганы жатат. Алардын катарында жыл ичинде аткарган иштер, алдыдагы милдеттер, Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына даярдык, партиянын мыйзамдарга байланышкан демилгелери, уставына өзгөртүүлөр, толуктоолор, текшерүү комиссиясынын отчету каралат, партиянын гимни кабыл алынат жана жетекчи орган шайланат. Курултайга 400 делегат катышаары болжолдонууда. «Алга, Кыргызстан» партиясы өткөн жылдын 7-сентябрында «Манас эл», «Жаңы заман», «Жаңы кыймыл» партияларынын негизинде түзүлгөн. Кийинчерээк бул партияга «Кыргызстан биримдиги» партиясы кошулганын жарыялган. «Алга, Кыргызстан» тутумунда 8 миң мүчөсү бар экенин маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG