Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Кыргызстанга Чехиянын президенти келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга ырасмий сапар менен Чех республикасынын президенти Вацлав Клаус келди. Ушул эле күнү аны Кыргызстандын президенти Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушуунун соңунда президенттер кызматташтык багыттары боюнча билдирүү кабыл алышты. Вацлав Клаустун брифингде айтканына караганда, Чехия Кыргызстандын эларалык терроризмге каршы күрөшкө кошкон салымын баалайт, ошондой эле Европа Биримдигине мүчө мамлекет катары КМШ өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүү максатын көздөйт.

Ал эми президент Акаевдин билдиришинче, Кыргызстан Чехия менен гидроэнергетика, машина курулушу, туризм, тоо-кен, текстиль тармактарында кызматташууга кызыкдар.

Ушул эле күнү Чех президентин Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары Абдыганы Эркебаев менен Алтай Бөрүбаев кабыл алышты. Кечке жуук чех жана кыргыз ишкерлеринин биргелешкен форуму өтүп, ага Вацлав Клаус жана премьер-министр Николай Танаев катышты. Ушул эле күнү Кыргыз-Россия (Славян) университетинде президент Клауска бул окуу жайдын "Ардактуу доктору" наамы ыйгарылды. Эртең чех президенти Ысыккөлдө болуп, андан соң Ташкенге сапар улайт.

XS
SM
MD
LG