Йемен мамлекетинин аскерий жетекчилиги бүгүн билдиргенге караганда, АКШга каршы аскерий аракет көргөн динаятчы Хусейн ал-Хути жана анын жыйырмага жакын жан-жөкөрү өкмөттүк күчтөр тарабынан өлтүрүлдү. Хутинин согушкерлери менен кагылышуулар эки айга уланган жана бардыгы болуп эки жүзгө жакын согушкер курман болду. Бул динаятчы мыйзамсыз диний борбор түзүп, анда АКШ менен Израилдин саясатына каршы күрөшө турган лашкерлерди даярдаган.