Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Түндүк Осетия өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалды


Орусиянын курамындагы Түндүк Осетия жумуриятынын парламенти бүгүн президент Александр Дзасоховдун сунушун жактырды. Жумурияттын жаңы өкмөтүн мурдагы унаа министри Алан Брадзов жетектемей болду.

Беслан шаарындагы барымтанын алдын ала албаганы үчүн Дзасохов кечээ күнү мурдагы өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирген.

1-сентябрда террорчулар Бесландагы мектепти барымтага алып, 3-сентябрга чейин анын ичинде 1200 адамды туткунда кармаган, куткаруу аракеттери учурунда 330дан ашуун туткун жана отуздан ашык террорчу курман болду.

XS
SM
MD
LG