НАРЫН. Мындай темирлер Кызылбел ашуусунун жана Нарын шаарынын айрым жерлерине төгүлүүдө дейт "Эко Жоомарт" коомдук уюмунун лидери Абдыраев. Анын бышыктоосунда Сарычаттагы жана Торугарттагы экологиялык посттор үстүбүздөгү жылы жоюлгандан кийин радиациялуу темир калдыктары Кытайга чейин өтүп, бирок ал жактан кайра артка жөнөтүлөт. Учурда 70 тоннадай радиактивдүү темирлер жан-жаныбарга зыянын тийгизүүдө. Бирок мындай бүтүмгө «Темир» мамлекеттик ишканасынын Нарын облусундагы өкүлү Бакыт Шаршеев макул эмес. Анын айтымында, радиациялуу деп шектелген темирлер текшерүүдөн өтүп турат. Ал эми облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын орун басары Жаныбек Турдукеев экологиялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн «Темир» ишканасына 44 миң сом айып салынганын билдирди.