Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

«Алга, Кыргызстандын» курултайы болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Алга, Кыргызстан» партиясынын 2-курултайы өткөрүлдү. Ага өлкө боюнча 459 делегат, облус губернаторлору жана жогорку бийликтин айрым өкүлдөрү катышты. Курултайда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев куттуктоо сөз сүйлөдү. Партия мүчөлөрү курултайда «Алга, Кыргызстан» келечекте карапайым элдерге жакындан жардам берүү максатындагы социалдык, маданий ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууну улантып, жергиликтүү, парламенттик, андан соң президенттик шайлоодо жеңишке жетишүү максаты барын белгилешти. Курултай партиянын саясий кеңешинин төрагасы Татьяна Макарованын ордуна Рустам Нурматов бир добуштан шайлады.

«Алга, Кыргызстан» 2003-жылдын 7-сентябрында «Манас эл», «Жаңы заман», «Жаңы кыймыл» жана Кооператорлор партияларынын негизинде түзүлгөн. Кийинчерээк бул партияга «Кыргызстан биримдиги» партиясы кошулганын жарыяланган.

XS
SM
MD
LG