Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Индонезиянын полициясы кылмышкерлерди издеп жатат


ЖАКАРТА. Индонезиянын полициясы Австралиянын элчилигинин жанында жардырылган бомбаны жасаган деген шек менен малайзиялык эки жаранды издеп жатат. Бүгүн Индонезиянын баш калаасында Хизб ут- Тахрир тобунун бир миңге жакын мүчөсү демонстрация өткөрүп, терроризмге каршылык көрсөтүштү. Демонстранттар "ислам терроризмди четке кагат!",- деген жазууларды көтөрүп чыгышты. Топтун өкүлү журналисттерге: "Бейшемби күнкү теракт бизди терең кайгыртты. Биз террористер атангыбыз келбейт",- деп айтты. Жакартада бейшембиде болгон жардыруунун "Ал-Каида" менен байланышы бар Жемаа ал-Исламия террордук тобу уюштурган, деп айыпталат. Ушул эле топ мындан мурда Индонезиянын Бали аралында "Марриот" мейманканасын жардырган.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.

 

XS
SM
MD
LG