Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

СПИДден жабыркагандар Ошто көп


БИШКЕК. «СПИД» борборунун тараткан маалыматына караганда, 2004-жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ-инфекция жугузуп алгандардын саны өлкө боюнча 598ге жетти. Алардын 25и СПИД илдетинен жабыркашат. Оорулуулардын ичинен 304 бейтап Ош облусунда каттоодо турат. СПИД илдетинен мерт болгондордун саны бул облуста 21 болду. Адистердин айтымында, иш жүзүндө бул илдеттин инфекциясын жугузуп алгандардын саны өлкөдө расмий маалыматтан кеминде он эсе көп.

XS
SM
MD
LG