БИШКЕК. Ысыккөл облусунун курорттук аймактарындагы жер участокторун соодалоо боюнча өкмөттүк комиссия алгачкы тоорукту октябрь айынын башында жарыялашы ыктымал. Мындай пикирин Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Губернатордун айтымында, учурда жумушчу комиссия көл айланасындагы менчиктештирилген курорттук жер участокторунун мыйзамдуулугун тактап жатат. Көл боюнан курорттук-туристтик жайларды куруу максатында жер сурагандар дээрлик кыргызстандык ишкерлер болууда жана жерди соодалоо кыргызстандык жарандарга гана жүргүзүлөт. Ал эми чет өлкөлүктөрдөн мамлекеттик резиденция куруу максатында Тажикстан өкмөтү арендага жер сурады. Кытай эл республикасынын Кызылсуу облусунда жашаган кыргыздар да 1 гектар жер берүү өтүнүчү менен кайрылышты.