Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Акаев Астана саммитине барат


БИШКЕК. 15-16-сентябрда Астанада КМШ мамлекет башчыларынын, премьер-министрлердин жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги жыйындары өтөт. Кыргызстандан бул жолугушууларга президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууларда кызматташтыктын учурдагы урунттуу маселелери талкууга алынат. Ал эми 16-августта боло турган мамлекет башчылардын саммитинде шериктештик аймагынын коопсуздугу менен бейпилдигине доо кетирип жаткан коркунучтарды четтетүү боюнча кызматташтыктын жагдайы талкууланмакчы.

Ушул эле жолугушууда КМШнын экономикалык сотунун төрагасын, анын орун басарын, аскерий кызматташтыкты координациялоо боюнча штаб башчысын дайындоо боюнча чечим кабыл алынышы керек. Мамлекет башчылар мындан тышкары шериктеш өлкөлөрдүн көп тараптуу карым-катышына байланыштуу мурда даярдалган документке кол коюшаары болжолдонууда. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна жолдонгон кайрылуу да ушул жолугушууда талкууланары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG