Бул тууралуу бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл маалымдады. Мунун алдында Түштүк Кореянын президентинин маалымат катчысы Ким Жоң-Мин "Түндүк Кореяда ядролук сынак жүргүзүлгөнүнө далил жок" деп билдирген.
Түштүк Кореянын "Йон Хап" кабар агенттиги бүгүн "Түндүк Кореянын Кытай менен чегарага жакын жердеги Йаң Гаң провинциясында бейшемби күнү чоң жарылуу болду" деген маалымат таркаткан. Ага ылайык жардыруудан узун-туурасы 4 чакырымга жеткен козу карынга түспөлдөш кара булут пайда болгон.