Герат тополоңуна байланыштуу Бириккен Улуттар уюму оогандарды мекенине кайтаруу программасын токтотту. Ооганстандын батышындагы Герат провинциясынын акими Исмаил Ханды кечээ президент Хамид Карзай иштен алган эле. Кабарчылардын билдиришинче, жүздөгөн киши бүгүн БУУнун шаардагы эки кеңсесине өрт коюп, америкалык 2 аскерди таш бараңга алышты.
"Азаттыктын" Гераттагы кабарчысы Басир Бегзад Гератка ооган жана америкалык аскерлер жайгаштырылганын бышыктап, бүгүн түш чендеги кырдаалды мындайча сүрөттөдү:
- Шаарды Ооганстандын улуттук армиясы өз колуна алууда. Алар чоң көчөлөрдү жана негизги кесилиштерди көзөмөлдөп турушат. Америкалык аскерлер да кайгуулда турушат. АКШнын согуштук тикучмалары шаардын айрым аймактарынын үстүнөн улам учуп өтүшүүдө. Ушул эле күчтөр Исмаил Хандын үйүнүн айланасында жайгаштырылды.
Исмаил Хан - Ооганстандын өздүк куралдуу тобу бар, таасирдүү акимдеринин бири деп саналып келет.