Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:03

Жалалабадда пахта баасы төмөн


ЖАЛАЛАБАД. Ишкана быйыл пахтанын килограммын 12-13 сомдон сунуш кылууда, бирок, ал 25-30 сомго чейин көтөрүлбөсө пахтачылардын мээнети кайтпайт. Пахтачылар ушундай пикирде болуп жатышат. Алардын айтымында, быйыл пахтаны өстүрүү чыгымы арбын болуп, жүздөгөн дыйкандар карызга өстүрүштү. Пахта 3 миң гектарга ашыкча айдалганы менен 300 гектардан ашык жер жөргөмүштүн айынан түшүмдөн калды. Облбийлик 13-сентябрда пахтачылардын тынчсыздануусуна карата баа көтөрүүгө аракет болоорун, табият кырсыгынан жабыр тарткан райондордун карызы артка жылдырыларын билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG