Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Президенттин иш башкаруу боюнча башкармалыгынын маалыматы угулат


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев президенттин иш башкаруу боюнча башкармалыгына Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйындар залын оңдоого жумшалган каражат боюнча бир аптанын ичинде маалымат берүүнү тапшырды. Төраганын мындай көрсөтмө берүүсүнө жыйындар залына жаңыдан орнотулган добуш берүүчү аппараттардын жакшы иштебей жаткандыгы себеп болду. Эске сала кетүүчү нерсе, президенттин иш башкаруу боюнча башкармалыгы тарабынан соңку эки ай аралыгында Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйындар залы толугу менен кайрадан оңдолуп, депутаттардын иш орундарына жаңы ыкма менен добуш берүүчү аппараттар орнотулган. Аны сатып алып, орнотууга 8 миллион сом, ал эми жалпы ремонтко 12 миллион сом каражат жумшалган.

XS
SM
MD
LG