Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Армэн Арзуманян: энергетикадагы жоготууларды жоюу үчүн саясий эрк керек


БИШКЕК. Кыргызстанда электр кубатындагы жоготууларды техникалык каражаттар менен эле кыскартуу мүмкүн эмес, ал үчүн саясий эрк керек. Мындай пикирин бүгүн «Хаят» мейманканасында башталган тегерек үстөл талкуусунда армениялык эксперт Армэн Арзуманян билдирди. Анын айтымында, электр кубатын өндүрүүдө эсеп-чоттун жоктугу, коррупциянын орун алышы жана жоопкерчиликтин начардыгы жоготууга түрткү болгон негизги себептерден болуп жатат. Азыр Кыргызстанда электр кубатындагы жоготуулардын өлчөмү 45% чамалаш. Мындай өксүктү жөнгө салууга көмөктөшүү максатында энергетика боюнча мамлекеттик агенттик менен АКШнын ЮСАИД уюму биргелешкен долбоорду ишке ашырды. Тегерек үстөлдө долбоордун тыянагы боюнча тиешелүү тармактарга сунуштар жолдонду. Талкууга президенттин энергетика боюнча вице-премьер даражасындагы атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон энергетика тармагынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын, парламенттин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Тегерек үстөл ишин эртең улантат.

XS
SM
MD
LG