“Иван” деп аталган жамгыр аралаш доол (ураган) жекшемби күнү Кайман аралдарына жетти. Саатына 240 чакырым тездикте жүргөн “харрикан” тамдардын чатырларын жулуп, шамал сүрүп келген ташкын суулар жерди каптап барат.
“Иван” буга чейин Гренада, Венесуэла, Доминикан, Тобаго жана Ямайкада 40тан ашуун адамдын өмүрүнө зобун келтирди.
Куба өкмөтү апсалаңдын алдын алып, 2 миллиондой адамды кооптуу жерлерге көчүрдү. Ошондой эле, темир жол байланышын жана портторду убактылуу жапты.
“Иван” Атлантика океанынан соккон өтө алаамат апсалаң деп айтылууда.
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу