Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

МАГАТЭ Ирандын жана Түштүк Кореянын ядролук программасын талкуулоого киришти


БУУнун атомдук агенттиги-МАГАТЭ бүгүн Венада ачылган жыйында Ирандын жана Түштүк Кореянын ядролук программасын талкуулоодо.
МАГАТЭнин директору Мохамед эл-Барадейи Түштүк Кореянын буга чейинки өзөктүк изилдөөлөрү боюнча айрым маалымттарды толук бербей койгону, Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимди бузгандыктан, “өтө кооптуу” деди.
Ал Түштүк Кореянын жетекчилигин мындай шектенүүдөн алыс болуу үчүн МАГАТЭ менен тыкыс кызматташууга чакырды.
Жакында ырасмий Сеул Түштүк кореялык илимпоздор өкмөткө айтапстан атомдук бомбага керектүү байытылган уран жана плутоний менен тажрыйба өткөрүшкөнүн мойнуна алган.
Түштүк Кореянын БУУдагы элчиси (Cho Chang Beom) Сеул МАГАТЭ менен эриш аракак иштешет деп билдирди.

Эл-Барадейи Ирандын өзөктүк программасына да токтолду:

- Менин көз карашымча, алар (ирандыктар) эч нерсени жаап-жашырбаганын азыркы жооптуу учурда колдон келишинче айкын көрсөтүп, анын пайдасын көрүшү абзел экенин мен Иранга түз айттым. Бул менин оюмча, береги маанилүү маселени саясый жактан чечүүгө алып барчу кеңири диалогдон башталыш керек деп айтаар элем.

Ирандык делегациянын жетекчиси Хусейн Мусавян Тегеран өткөн жылкы убадасына ылайык, өз ара ишенимге жетүүшү максатында, уранды байытууну токтотконун билдирди.

Иран программа электр энергиясын өндүрүүгө гана багытталган деп ырастап келет.
Вашингтон эбактан бери Иранды атомдук куралды жасоого жашыруун аракеттинүүдө деп күнөөлөп жүрөт.

XS
SM
MD
LG