Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Президент Путин борбордук бийликти бекемдөөнү баштады...


Россия президенти Владимир Путиндин жетеги астында өткөн жыйында терроризмге каршы күрөшүү маселеси талкууланып, борбордук өкмөттүн бийлигин бекемдөө планы жарыя кылынды. Путиндин сөзүнчө, борбордук өкмөттүн контролу улутту терроризмге каршы күрөшкө тартууда чечүүчү мааниге ээ:

- Азыркыдай кырдаалда, азыркы шартта өлкөнүн аткаруу бийлик системасы кризистик жагдайда иштенге ылайыкташканга катар мамлекеттин биримдигин бекемдөө жана кризистерди болтурбоо үчүн радикалдуу түрдө реструктризация болушу абзел экенине мен ишенем.

Ал андан ары:
- Мен Россия Федерациясындагы субьекттердин жогорку жетекчилерин мамлекет башчы көрсөткөндөн кийин жергиликтүү мыйзамчылар тарабынан шайланганы жөн деп эсептейм.

Буга дейре губернаторлорду жергиликтүү эл шайлоочу.
Путин ошондой эле Түндүк Кавказ боюнча атайын комиссияны түзүп, Түштүк федералдык округдагы өкүлү Дмитрий Козакты анын башчылыгына дайындады.
Бу комиссия коопсуздук, экономикалык жана социалдык тармактар боюнча иш жүргүзөт. Путин парламенттин төмөнкү палатасы-Мамлекеттик думаны пропорционалыдык система менен гана шайлоону жакында сунуш кыларын айтты.

XS
SM
MD
LG