Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Гератта бүгүн тынч, бирок чет элдик кызматкерлер чыгып кетишүүдө


Афганистандын батышындагы Герат шаары бүгүн тынч. Турмуш кадыресе уланууда.
Кечээ Ысмайыл Хандын губернаторлуктан алынганына нааразы болгон адамдар БУУнун кеңсесине чабул коюшуп, алардын АКШы күчтөрү жана Ооган улуттук армиясынын жоокерлери менен өткөн кагылышында бери дегенде 7 киши каза таап, 20 чамалуу адам жарадар болгону кабарланган.
Хандын тарапкерлери мындай талап коюшту:

- Биз өкмөттүн чечимине каршыбыз. Биз Ысмайыл Хан өзү гана биздин эмирибиз болушун каалайбыз. Бул шаарда аны кимдир бирөө алмаштырганын каалабайбыз.

Ысмайыл Хан өткөн түнү жергиликтүү телеканал аркылуу өз жактоочуларын сабырдуулакка чакырды.
БУУнун башкатчысы Кофи Аннан уюмдун кеңсесине жасалган чабуулду айыптады.

Гератта болгон кандуу калабадан улам эл аралык соопкерчилик уюмдарынын кызматкерлери жергиликтүү кеңселерин жаап, кааладан чыгып кете башташты. Гераттан Кабулга 51 чет элдик кызматкердин кээ бирлери жөнөтүлгөнүн БУУнун өкүлү (Manoel de Almeida e Silva) бүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG