Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Европа Биримдиги Беларустагы саясий кырдаалга тынчсыздануу билдирди


Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери Беларус республикасындагы саясий кырдаалга тынчсыздануу билдиришти. Беларус республикасында ушул жылдын 17-октябрында парламенттик шайлоо өтөт. Өлкөнүн президенти Александр Лукашенко бул күнү “президенттик мөөнөт эки жолкудан ашпайт” деген беренени Конституциядан алып салууну сунуш кылган. Европалык министрлердин ойлорунда парламенттик шайлоо учурундагы референдум да акыйкатсыз жана көз боёмочулук менен өтөөрүндө шек жок.
Негизи Лукашенконун президенттик мөөнөтү 2006-жылы аякташы керек.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG