Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

«Атамекен» партиясынын областык конферециясы өткөрүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Саясий партиянын областагы бөлүмүнүн конференциясына Жалалабад, Сузак, Базаркоргон аймагындагы мүчөлөрү катышты. Жыйында 10-октябрда болуучу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу, ага партиянын өкүлдөрүн сунуш кылуу жана өлкөдөгү абалга баа берүү маселеси талкууланды. Башка партиялардын бөлүмдөрү саясий ишмердүүлүгүн күчөткөнү белгиленди. Жалалабад шаар кеңешинин депутаттыгына 15 талапкер көрсөтүлдү, буга чейин саясий уюмдун 98 мүчөсү бир канча айыл-шаарча кеңештерине сунуш этилген. Жыйында белгиленгендей, 2005-жылдагы парламенттик-президенттик шайлоолор калыс өтпөсө, "ата мекенчилер" саясий акцияларга чыгышат.

XS
SM
MD
LG