Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Түндүк Корея көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантканга макул болду


Британиянын тышкы иштер министри Билл Раммел Пхеньянда төрт күндүк сапарын аяктаган соң бул тууралуу бүгүн Пекинде билдирди. Бирок ал сүйлөшүүлөр качан башталарын так айткан жок. Раммелдин айтымында, анын так датасы, кыязы, АКШдагы президенттик шайлоодон кийин аныкталат окшойт. Мындан тышкары Пхеньян өткөн апта чоң жарылуу болгон жерди барып көргөнгө британ элчисине уруксат берди. Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу көп тараптуу сүйлөшүүлөргө эки корей өлкөсүнөн тышкары АКШ, Кытай, Япония жана Россия тартылган.

XS
SM
MD
LG