Америкалык аскерлердин Ирактын Тел Афар шаарындагы операциясына нааразылык билдирип, Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллге ушундай мааниде кат жолдогонун билдирди. Өткөн аптада Тел Афардагы операция маалында жергиликтүү ондогон түркмөндөр набыт болгон эле.