Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:54

Россиядагы антитеррордук демилгелерге АКШ камтамачылык билдирди


Мамлекеттик катчынын орунбасары Ричард Армитиж, атап айтканда, губернаторлорду шайлоо ыкмасынан баш тартуу сунушу Россиядагы демократиялык кайра курууларга байланышкан АКШнын үмүтүнө кайчы келет деп билдирди бүгүн Латвиянын борборунда. Ал Ригада визит менен жүрөт. Евросоюздун жетекчилеринин бири Крис Патен да ушундай санаркоосун айтып, ошол эле учурда бул Россиянын ички иши экенин кошумчалады. Патендин өкүлү Эмма Удвин терроризм деп аталган балакетти ооздуктоо зарылдыгына туш келгендердин баары бир эле мезгилде демократия принциптерин жана адам укуктарын урматтоого тийиш экенин эскертип, президент Путин да белгилеген иш-чараларды жүзөгө ашырууда муну эске аларына үмүт билдирди. Россиялык коопсуздук күчтөрүнө, финансы министри Алексей Кудрин ырастагандай, эмдиги жылы бюджеттен 157 миллиард рубл бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG