Кабыл алынган декларацияда терроризмдин бардык түрүнө каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Жыйынга катышкандар Ооганстандагы долбоорлорду каржылоо боюнча уюмдун атайын фонду түзүлгөндүгүн кубатташты. Фонд Ооганстандын экономикалык проблемасын чечип жибере албайт, бирок саясий жактан алганда анын чоң мааниси бар, деп айтты уюмдун баш катчысы Асхад Орозбаев. Тажик президенти Эмомали Рахмоновдун айтымында, уюмдун өлкөлөрү 2015-жылга чейин эркин соода аймагын түзүүнү чечишти. Уюмга борборазиялык беш өлкө, ошондой эле Азербайжан, Иран, Пакистан жана Түркия кирет.