Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата жыйын өткөрүлдү


КАРАКОЛ. Жыйында облустун губернатору Токон Шайлиева райондук, шаардык, айылдык жана поселкалык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоонун жүрүшү, шайлоого карата даярдыктардын абалы боюнча акимдердин, ошондой эле райондук жана шаардык кеңештердин төрагаларынын отчётторун укту. Иш-чарада облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барыктабасов жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар дурус жүрүп жаткандыгын маалымдады. Бирок айрым райондордо жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталышы дале начар. Мындай абалга карабай шайлоонун мыйзам чегинде өтөөрүн билдирди. Ал эми Токон Шайлиева облуста жергиликтүү кеңештерге аттанган талапкерлердин активдүүлүгү начар, шайлоочулар да бул саясий өнөктүккө анча маани бербей жатат деген өңдүү шылтоо болбосун деп айтты.

Кошумчалай кетүүчү маалымат облустук шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынан 1 млн. сомдон ашык акча берилди.

XS
SM
MD
LG