Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Жаңы Салык кодекси даяр болуп калды


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө Салык кодексининин жаңы редакциясын даярдоочу комиссиянын жыйыны болду. Анда кодексти даярдоо боюнча жеке менчик тармак өкүлдөрүнөн түзүлгөн эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы каралды. Топтун жетекчиси Алексей Красниковдун билдирүүсү боюнча, ушул кезге чейин 1500дөн ашуун сунуш түштү. 15-майдан ушул күнгө чейин алардын 800ү Салык кодексининин жаңы долбооруна киргизилди. Кодекске өлкөгө ташылып келип жаткан негизги каражаттардан кошумча нарк салыгын албоого негиз берчү жана ыксыз көп текшерүүлөрдүн санын азайтуучу жоболор киргизилип, текшерүүгө негиз берүүчү нормативдик акттар «Кыргызстандагы салыктар жана төлөмдөр жөнүндөгү кодекске» топтоштурулууда. Мындай маалымат инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынан алынды.

XS
SM
MD
LG