БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабиров Свердлов райондук сотунун «Учкун» гезити боюнча чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна арыз жолдоду. «Учкун» гезитинин үстүбүздөгү жылдын 30-апрелдеги номурунда «"Ошгазды" ойрондогон Сабиров» деген аталышта макала жарыяланган. Анда Давран Сабировдун "Ошгаз" акционердик коомундагы мыйзамсыз аракеттери баяндалган. Буга байланыштуу Давран Сабиров «абийир, ар-намысыма шек келтирди» деп Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз жолдогон. Моралдык чыгым үчүн редакциядан 5 миллион, ал эми макаланын автору Калил Жамгирчиевден бир миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
Райондук сот Давран Сабировдун арызын 2004-жылдын 28-июлунда карап, депутаттын арызын канааттандырган эмес. Райондук соттун чечимине нааразы болгон Сабиров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдоду.