Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Эсептөө палатасынын кызматкери ачкачылык жарыялады


БИШКЕК. Кыргызстандын Эсептөө палатасынын Ош, Жалалабад, Баткен областары боюнча инспекциясынын кызматтан боштулган башкы адиси Бердибек Апышов сот адилеттигин талап кылып Жогорку соттун имаратынын алдында ачкачылык акциясын баштады. Анын жанында жыйырмага жакын пикирлештери турушат. Акцияны баштоого Ош областык сотунунун адилетсиз чечимдери негиз болду дейт Бердибек Апышов. Анын журналистерге берген маалыматына караганда, ал Эсептөө палатасында иштеп турганда мамлекеттик каражаттын бир нече миллиондогон сому уурдалгандыгы тууралуу бир нече фактыларды аныктаган. Анын мындай аракети Эсептөө палатасынын жетекчилигине жакпай, жетекчилик Апышовдон ачылган кылмыш иштерин жабууну талап кылган. Натыйжада, ал Эсептөө палатасынын Ош, Жалалабад, Баткен областары боюнча инспекциясынын башчысы тарабынан күтүүсүздөн кызматтан бошотулган. Ага нааразы болгон Апышовдун арызын төмөнкү сот инстациялары канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG