БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын жетекчилиги саясий партиялардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуусуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдоду. Анда жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына өз талапкерлерин көрсөткөн партиялар Шайлоо кодексининин 35-беренесине ылайык үгүттөө иштерин жүргүзүү үчүн өз фондун түзө алаар же албасы боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүндү.
Аталган беренеде саясий партиялар үгүттөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын фонд түзүүгө укуктуу же укуксуз экендиги так көрсөтүлбөгөндүктөн фонд түзгөн партиялардын аракети мыйзамсыз деп бааланышы мүмкүн деген кооптонуу пайда болгон. Андан тышкары Бишкектеги айрым округдук шайлоо комиссияларынын саясий партиялардын талапкерлерин каттоого алууда ар кандай талапты коюп жаткандыгын кабарлап, бирдиктүү көрсөтмө берүүнү сунуштады.
Борбордук Шайлоо комиссиясы болсо 16-сентябрда Бишкектеги округдук шайлоо комиссия өкүлдөрүнө каттоого алуу боюнча атайын окуу өткөрөрүн билдирди.