БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев «Келечекке ишенимдүү үмүт менен карап» аттуу жаңы китебинин Москвада өткөн бет ачарына катышкандарга ыраазылык билдирип жатып, «силер берген күч-кубат мамлекетти көп жылдарга чейин ийгиликтүү башкарууга дем берет» деп билдирди. Мындай маалыматты бүгүн «Центразия» интернет баракчасы Орусиянын РИА-Новости агенттигинин кабарына таянып таратты.
Мамлекет башчысынын мындай пикирин Кыргызстандагы айрым саясатчылар Акаев эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга ниети бар экендигин билдирди деп баалашууда. Алардын бири - «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев «Акаев бул сөзү менен президенттик шайлоого катышаарын кыйытып, ага карата өлкө калкы менен КМШдагы мамлекеттердин маанайын билүүгө кызыгууда» деп билдирди. Эмил Алиевдин баамында Акаев президенттик шайлоого катышаарын ачык айтса да авторитардык башкарууга ык салган Орусия менен Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жетекчилери колдойт. Ушундан улам «Арнамыс» партиясы Акаевдин эмдиги жылдагы шайлоого катышуусуна мыйзам жол бербестигин эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтөөрүн кабарлады.
Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев «Акаев бет ачарга катышкандарга жеке пикирин гана айтты жана аны шайлоого катышуу ниети деп баалоого болбойт» деп билдирди.