Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Израилдик аскерлер Батыш жээкте 10 палестинди өлтүрүп салышты

ЖЕНИН. Наблус шаарында рейд жасап жаткан жөөт аскерлери "Ал-Акса шейиттеринин бригадалары" деген топтун төрт согушкерин жок кылышты. "Ал-Акса бригадаларынын" Палестин лидери Арафаттын Фатах кыймылы менен байланышы бар делинет. Израилдик аскерлер ошондой эле Женинде рейд жасап, төрт согушкерди, анын катарында бир кызды өлтүрүп салышты. "Ал-Акса" тобу шейшемби күнү эки израилдикти жарадар кылган жардыруунун жоопкерчилигин өзүнө алган. Анда жан кечти террорчу Батыш жээктин өткөөл пунктунда өзүн-өзү жардырып жиберген.
XS
SM
MD
LG