Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Бесландагы мектептерде сабак башталды


БЕСЛАН. Бесландын мектептеринде окуу башталды. Бирок көптөгөн балдар бүгүн да үйлөрүндө калышты. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ар бир класстан мектепке бир нече бала гана келген. Мектептерди чакан милиция топтору жана ата-энелер күзөтүп жатышат. Окуу күнү биринчи сентябрдагы барымта окуясынын курмандыктарын үн катпай эскерүү менен башталды. Расмий маалыматтар боюнча, Бесландагы окуяда 330 киши курман болду, 150 кишинин сөөктөрү дагы эле тааныла элек. Москванын ооруканаларында жарадар болгон 125 киши кала берүүдө, алардын 80и балдар. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Москвага жеткирилгендердин көбүнүн ахвалы оор.

XS
SM
MD
LG