БАГДАД. АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Жон Данфорд Иракта шайлоо январдан кечиктирилбей өткөрүлөөрүн бышыктады. Шайлоонун кечеңдетилүүсү согушкерлердин жеңиши болот, деп айтты ал. Бул билдирүүсүн элчи шейшемби күнү Ирактагы ок атышуулар менен жардырууларда 70тей киши курман болгондон кийин жасап отурат. АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Ричард Эрмитаж бүгүн Прагада сүйлөгөн сөзүндө шайлоо жакындаган сайын Иракта зордукчул аракеттер күчөшү мүмкүн, деп айтты.
- Биз Иракта ийгиликке жетишкенибизди сезип турабыз. Иракта бизге оңой-олтоң болот деп эч качан ойлогон эмеспиз. Ирактагы согушкер топтор шайлоодон чочулашат, ошондуктан январь айы жакындаган сайын зордукчул аракеттер күч алмакчы,- деди Эрмитаж.
Вашингтондо Буштун админинстрациясы Иракты кайра курууга ажыратылган акчадан 3 миллиард 460 миллион долларды өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого жумшоону чечти.