Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Астанада КМШ өлкөлөрүнүн саммити башталды


АСТАНА. Казакстан, Беларус, Россия жана Украинанын жетекчилери бүгүн Астанада КМШ өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында жолугушуп, орток экономикалык мейкиндикти түзүү маселесин талкуулашты. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кошуна өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыкты чыңдоо сунуштарына жогору баа берип, мындай деди:

- Биргелешкен долборлорду ишке ашыруу орток экономикалык мейкиндикте өзгөчө талкууга арзыйт. Украинанын президенти Леонид Кучманын космосту биргелешип изилдөө сунушунун келечеги чоң. Көптөгөн майда долборлордун артынан түшкөндөн көрө, интеллектуалдык жана финансылык потенциалыбызды бир же эки чынында кирешелүү долбоорлорго багыттаган оң,- деди Назарбаев.

Саммиттин ачылыш күнүндө экономика тармагы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Лидерлердин формалдуу жолугушуусу бейшембиге белгиленген. Саммиттин жүрүшүндө ошондой эле Азербайжан менен Армениянын президенттери Азербайжандан көз карандысыз болуп алган Тоолуу-Карабак маселесин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG