Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Европалык уюм Казакстандагы шайлоо тууралуу тынчсызданууда


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму кечээ күнү атайын жарыя жасап, жекшемби күнү Казакстанда өтө турган парламенттик шайлоо демократиялык боло турганынан күмөн санаганын билдирди. Уюмдун айтымында, өлкөнүн маалымат каражаттарынын кабарлары негизинен президент Нурсултан Назарбаевдин "Отан" деп аталган жана анын кызы Дарига Назарбаеванын "Асар" партиясы тууралуу гана болууда. Оппозициянын айтымында болсо, мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерине эскертүү жасалып, эгер алар Назарбаевдердикинен башка партияларга добуш берсе, кызматтан кете турганы жөнүндө айтылган.

XS
SM
MD
LG