НАРЫН. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Нарындагы бөлүмүндө жаңыртылган Шайлоо кодексине ылайык добуш берүүчүлөрдүн баш бармагына белги коюу маселеси "тегерек үстөлдө" талкууланды. Анын катышуучулары ички миграция жогору болгон Кыргызстан сыяктуу өлкөгө мындай белги коюу зарылдыгын баса белгилешти. Анткени ар бир шайлоочуга коюлган белги ультра көгүш нур аркылуу гана көрүнүп, бир адамдын эки-үч жолу добуш беришине тоскоол болот. Саясий партиялар, коомдук уюмдар, журналисттер жана шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү катышкан "тегерек үстөлдүн" жыйынтыгында президентке бул мыйзам долбоорун колдоп коюуну өтүнгөн кайрылуу кат жолдошту.