Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Аксай айыл өкмөтүнүн тургундары облус жетекчилигине кайрылуу жолдошту


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 16-сентябрда алынган маалыматка караганда, Аксай айыл өкмөтүнүн элинин атынан түшкөн ал кайрылууда соңку кездерде Тажикстандын коңшулаш айылдарынын тургундары жолдон өтүп бараткан кыргыз атуулдарына негизсиз тийишип, эки элдин ортосуна от жакчу аракеттерди жасай баштаганы, буга ушул айдын тогузунан онуна оогон түнү Аксай айылынын жашоочусу Абдурашит Ормоновду Тажикстандын 5 жараны жол тосуп токтотушуп, акча берүүсүн талап кылганы жана бешөөлөп токмоктоп салышканы далил экени эскертилген.

Ошондой эле акыркы жылдарда мындай көрүнүштөрдүн көп кайталанып жатышы - кыргыз тарапты тынчсыздандырып, улуттар аралык чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу туулганы белгиленип, тажик жарандарынын эки элдин ынтымагына доо кетирчү аракеттерин тыюу жана аларга чара көрүү тууралуу тажик тарапка кайрылуу жагы суралган.

Учурда облустук ички иштер башкармалыгына бул маселе боюнча Тажикстандагы кесиптештери менен сүйлөшүү милдети жүктөлдү. Кыргыз-тажик чегиндеги Баткендин Аксай айыл өкмөтүнүн эли облус борборуна каттоо үчүн Тажикстандын Кожоало, Чорку, Сурх айылдарын басып өтүүгө аргасыз.

XS
SM
MD
LG