БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигине жалпы суммасы 7 миллион доллардык 300 тонна медициналык жардам берет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай гуманитардык жардам жакынкы күндөрү Кыргызстандын аймагына 105 вагонго жүктөлүп жеткирилет. Гуманитардык жардам саламаттыкты сактоо министрлигинин областтык мекемелерине бөлүштүрүлөт. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кабарлоосуна караганда, мындай жардам саламаттыкты сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында берилүүдө.