Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Акаев террорчуларга алдын-ала чабуул коюш керек деди


БИШКЕК. Бүгүн Казакстандын борбору Астанада КМШнын мамлекет башчыларынын саммити болду. Ага Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган делегация катышты. Саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе эл аралык терроризмге каршы күрөштү күчөтүү жана КМШ аймагында коопсуздукту камсыздоо болууда.

Саммитте бул багытта сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев террористтердин келишин күтүп олтурбастан алардын аракетин алдын-алып, тамырын үзө тургандай так сокку уруу керек деп билдирди.

Саммитте, мындан тышкары, КМШнын соода-экономикалык байланышына терс таасир бере турган айрым жагдайларды жөнгө салуу, маңзаттардын соодасына жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери каралып, бир нече макулдашуу, концепциялар кабыл алынды.

Саммиттин маалында Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен көзмө-көз жолугушуп, эки мамлекеттин кызматташуусу тууралуу пикир алышты.

XS
SM
MD
LG