Бороон-чапкын АКШнын Алабама штатына карай жылууда. Азыр штаттын Мобайл портунда ылдамдыгы саатына 200 километрге жетчү катуу шамал жүрүп, жамгыр төгүп жатат. Куюн коңшу жайгашкан Жаңы Орлеан шаарына да чоң жоготууларды алып келиши ыктымал. Флорида штатынын бийликтери куюндан эки адам мерт кеткендигин кабарлашты. Ал эми Алабама, Миссисипи, Луизиана жана Флорида штаттарынан жүздөгөн адамдар шамалдан качып, башка жерлерге кетишүүдө.
“Айвен” деп аталган бул бороон Кариб өлкөлөрүндө 70тен ашуун адамдын жанын алган.
Дүйнөлүк соңку кабарларды Төрөкул Дооров Прагадан даярдады.
“Айвен” деп аталган бул бороон Кариб өлкөлөрүндө 70тен ашуун адамдын жанын алган.
Дүйнөлүк соңку кабарларды Төрөкул Дооров Прагадан даярдады.