Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Кофи Аннан Ирак согушун “мыйзамсыз операция” деп атады


Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан АКШнын жана анын союздаштарынын Иракка басып киришкендиги БУУнун Хартиясына карама-каршы келгендигин айтты:

- АКШнын өз алдынча Иракка басып кириши БУУнун Хартиясында айтылгандардын негизинде болгон эмес. Ошондуктан, биздин, демек, Хартиянын көз-карашында, бул мыйзамсыз аракет болду.

Андан сырткары, Аннан Ирак согушун “чоң ката” катарында таанып, ал АКШга да, Улуттар уюмуна жана анын мүчөлөрүнө да чоң сабак болгондугун айтты.

“Биз эми БУУнун жана эларалык коомчулуктун макулдугусуз аткарылчу бул өңдүү операцияларды көпкө көрбөйбүз го деп үмүттөнөм” деди баш катчы.

XS
SM
MD
LG